Кейптаун шаарындагы Түштүк Африка Республикасынын парламенттик имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Шаардын өрткө каршы кызматынын башчысы Жермайн Карелс журналисттерге билдиргендей, өрт үчүнчү кабатта чыккан.
"Учурда парламент имаратынын үстүнөн коюу түтүн көтөрүлүүдө. Чатырда битум эрип жатат, дубалдарда жаракалар пайда болгон. Имарат урап калуу ыктымалы бар. Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрттү өчүрүү үчүн кошумча күчтөрдү сурады. Азырынча парламентке канча адам болгону белгисиз. Бирок жекшембиде чиновниктер эс алары белгилүү", - деди ал.