Унаа тыгындарын азайтуу үчүн Ак-Буура жана Кара-Суу көчөлөрү ачылат жана унаалардын жүрүшүнө уруксат берилет. Эскерте кетсек, аталган жолдор эстакада көпүрөсү курулуп жаткан Навои көчөсү менен кесилишет. Ошондуктан убактылуу жабылып турган. Аталган көчөнү ачуу 25-ноябрга пландалып жатканын Шаардык жүргүнчүлөрдү тейлөө агенттиги кабарлайт.