"Талибан" кыймылы автобустун айдоочуларына намаз маалында ишин токтотууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Аскерге чакыруу, багыт берүү, башкаруу жана мыйзамсыз иштерге тыюу салуу министрлигинин билдирүүсүндө, "Талибан" кыймылы автобустун айдоочуларына намаз убактыларында ишин токтотууну, аялдарды хиджабсыз жолго чыкпоону сунуштаган. Билдирүүдө аялдар коомдук транспортто хиджабсыз жүрө албастыгы, жакындарынын коштоосу жок 78 чакырымдан ашык жол жүрүү мүмкүн эместиги да белгиленген.
Буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстанда бир нече телеберүүлөрдү, анын ичинде аялдардын катышуусундагы программаларды көрсөтүүгө тыюу салган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.