Орусияда Кыргыз-Өзбек мигранттарынын ортосунда массалык мушташ орун алды

Орусиянын Текстильщики районунда Кыргыз-Өзбек мигранттарынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 1-январга караган түнү үч өзбек жараны менен он Кыргыз жаранынын ортосунда мушташ чыгып, натыйжада үч адам бычактан оор жаракат алган. Эки өзбек жараны жана бир Кыргыз жараны жабыркаган.

илиция жаңжалга катышкан тогуз Кыргыз жаранын кармады. Аларга өлкөдө жүрүү режимин бузуу боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Бул берененин санкциясы Орусиянын аймагынан чыгаруу менен беш миңден жети миң рублга чейинки өлчөмдө айып салууга алып келет. Полициянын маалыматы боюнча, жалпысынан он адам кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүгүнө ("ден соолукка атайлап залал келтирүү") ылайык, мигранттарга карата процессуалдык чечим кабыл алынган. Алдын ала маалымат боюнча, мушташка жеке пикир келишпестиктер себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
TIMON_BERKOWITZ
2022-01-02 23:27:25
Өзбектер жакшы эле адамдар, таджиктей эмес.
Коронавирус күчөп, Кыргызстан продуктага муктаж болуп атканда Өзбекстан эң биринчи болуп вагон вагон продукта акысыз берген жардам деп. Мирзиеев президент болгондон бери мамилебиз сонун болуп жылып калды.
Айтаарым кыргыздар, өзбектер менен урушпагыла! Анча мынча жерден өпкөнү ылдыйга басканды үйрөнөлү. Болбосо тажиктерге окшоп жинди калк деген атка конуп калбайлы.
+16
Dembele84
2022-01-03 03:00:32
TIMON_BERKOWITZ,Кой ай,Мирзиеев жардам жонотсо эле баары жакшы болуп калбайт.Арасында ичи чирип кеткендери деле бар,ошолору менен урушса керек.Бизде да хватает.
+6
CAPATAH
2022-01-02 23:40:44
Кысып журолучу а
+13
modem4999
2022-01-03 00:32:57
Биздин квартирада эки озбек бала жашайт аябай сыйлайбыз жакшы балдар кой урушпагвла
+13
Dembele84
2022-01-03 03:01:31
modem4999,Эркексинби же кызсынбы сен?
0
Sajakat14
2022-01-19 18:25:11
Dembele84,ал эркек же кыз болгону ошончо маанилүүбү?
0
Agayu
2022-01-03 00:36:23
Биз ушунчалык карангылыктын тубуно жэттик , Алга Кыргызстан, Кыргыз элим , деп койсо эле жатасын элдерге , кичине койгула деп койсон жэ критика кылып койсон чувствабыз менен ойноштасын деп ото акылдуу болуп чыгабыз.Конфорт зонадан чыккыла туугандар .Озунорго суроо кооп бергиле .Бироонун башы менен жашабай , оз башын менен жаша ! Акылдуу бол , тушунуктуу бол ! Синип калган адаттардан чык .Билем оор болот .Но жэниш керек ! Тупой болуш ото оной.
+10
Toxa76
2022-01-03 01:55:51
Капа болбо Кыргызым.Опко жок.тартип жок.нормальный максат жок.Же толук шариятка бай ийбейбиз. Же законго баш ийбейбиз.Как попала жашап конуп калдык.Тартипке келели туугандар.Дуйного шерменде болуп бутмой болдук.
+12
Aybiyke
2022-01-03 03:10:16
Бир экоосу урушса эле бири бирине акыл боло бербегиле эркектер уруша беребиз намыс керек Кыргыз андай мындай дегенди токтотсонор
0
Esen8891
2022-01-03 04:09:28
Бул орустардын оздорунун уюштурган провокациясы мигранттарды жаман корсотуш учун эки уч мигрант менен криминалга акчадан берселе конфликти бир саатта уюштура коюшат
-6
Esen8891
2022-01-03 04:17:52
орто азия элдери акылына келип бирдиктуу саясат жургузуш керек.
Орустар илгертен башка элдерди бири бирине кайраштырып саясат жургузуп келишкен,
Бугунку кундо дагы ошол эле саясатын жургузуп келатат.
Разделяй и властвуй деген терминди колдонушат
Озгочо турк тилдуу элдерди бири бирине кайраштырган саясатын жургузуп келатат
+1
Tyttty1990
2022-01-03 16:20:24
Метро текстильщики
0
XATSAN125
2022-01-03 16:33:34
Бут баарын кармап туруп 136 жылга депорт кылыш керек
+2
Sajakat14
2022-01-19 18:23:09
Өзбек менен кыргыз өздөрү мигрант болуп чет мамлекетте жүрүп мушташып эмнеге жетишти? Жөн эле жүрүшпөйбү өлө албай жатышып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан