Коңшу Казакстандын Жанаозен шаарынын тургундары жаратылыш газынын кымбатташынан улам массалык түрдө митингге чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Буга каршы болгон Жанаозен шаарынын тургундары газдын баасын 60 теңгеге чейин төмөндөтүү талабы менен массалык түрдө митингге чыгышкан. Митингчилердин айрымдары жолду тосуп, унаалардын өтүшүнө тоскоолдук кылышкан.
Мындан улам Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев дароо билдирүү жасаган. Ал өз билдирүүсүндө бул маселени чечүү үчүн өкмөткө тапшырма бергендигин билдирген.
"Мен өкмөткө Жанаозендеги кырдаалды тез арада экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен укуктук талаада кароону тапшырдым. Митингге чыккандар коомдук тартипти бузбашы керек. Жарандар жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарына өз талаптарын ачык айтууга укуктуу, бирок бул мыйзам чегинде", - деген Токаев.
Митингчилерге Мангистау облусунун акимиаты менен Энергетика министрлиги жооп берип, газдын кымбатташынын себебин айтышты. Түшүндүрмөгө караганда, облуста 1973-жылдан бери газ өндүрүп келе жаткан жападан жалгыз ишкана – "Казак газ" заводу. Завод айына 14,5 миң тонна суюлтулган газ өндүрөт. Бирок облус боюнча керектөөнүн көлөмү 18 миң тоннаны түзгөндүктөн, комбинат облустун керектөөсүн толук камсыздай албайт. Ошондуктан кошумча 3,5 миң тонна газ облустун сыртынан алып келинүүдө.