Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында 19-ноябрда Корея Республикасынын президенти Пак Кын Хе менен КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жолугушту. Ошондой эле Корея Республикасынын Улуттук мемориалына гүлчамбар коюу аземине катышты президент. Гүлчамбарды койгондон кийин мамлекет башчысы мемориалдын ардактуу меймандарынын китебине жазуу калтырды.