Гүлнара Каримова чоң эне статусуна ээ болду

Өзбекстандын мурдагы лидери Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова чоң эне статусуна ээ болду. Анын небересинин сүрөтүн алгачкы жолу уулу Ислам Каримов өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.

"Биз бардыгын жасап, чайнай алабыз жана жылмаябыз " - деп сүрөттүн астына билдирүү калтырган ал.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстандагы компаниялардын биринин салыгын төлөөдөн качуу, уурдоо, талап кылуу жана документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Биринчи өкүмдөн кийин Каримова бир нече убакыт бою үй камагында отурган.

Бирок 2019-жылдын март айында ал камакта кармоонун шарттарын "кара ниеттик менен" бузган деп айыпталып, Ташкенттеги түзөтүү абагына жөнөтүлгөн. Көп өтпөй ага экинчи кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан