Айзада Ашымбаева, жабырлануучу: “Бишкек-Парктын” башчысы милицияны сатып алып койсо керек”

Бүгүн, 19-ноябрда “Бишкек-Парк” соода комплексинин алдына митингге чыккан “Калыс” саясий кыймылынын өкүлдөрүн милиция кызматкерлери кармап кеткен эле. Эскерте кетсек, алар аталган соода борбордон мыйзамсыз иштен айдалды делген айымдын таламын талашып, соода борборунун жетекчилигинен кечирим суратууну талап кылышарын айтышкан эле. Жабырлануучу делген Айзада Ашымбаева биздин редакцияга келип “Бишкек-Парктын” башчысы милицияны сатып алып койсо керек” деп билдирди. 
“Аталган борбордо маркетолог болуп иштечүмүн. Мени мыйзамсыз жумуштан бошотуп, документтеримди, айлыгымды беришкен жок. Директордун кыргыз элин кордогон сөздөрү жазылган аудио жазуу бар. Биз “Калыс” саясий кыймылы менен тынчтык митингин өткөрөлү деп келгенибизде “Бишкек-Парктын" күзөт кызматы менен милиция кызматкерлери кармап кетишти”,- дейт Ашимбаева. 
Мындан сырткары акцияда эч кандай кыйкыруулар болбогонун жана 50дөй адам азыр камакта отурганын айтты. “Директор “Менин колумда миллиондогон доллар тегеренет. Кайда барсаң да сатып алам” деген эле. Чын эле сатып алган окшойт”,- деди Айзада Ашымбаева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан