Жоомарт Оторбаев: "Биздин коңшуларыбыздын калкы планетанын жарымын түзөт"
Бүгүн, 19-ноябрда Сеул шаарында өтүп жаткан Кыргыз-корей инвестициялык форумунда биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев корей ишкерлеринин суроолоруна жооп берүүдө. "Бизге Орусия, Кытай жана Индия коңшу жайгашкан. Бул дүйнөнүн эң ири рыноктору болуп саналат жана алардын калкы планетанын дээрлик тең жарымын түзөт. Кыргызстандын деңизге чыгууга жолу жок. Андыктан Корея Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда кара жол менен аба аркылуу транспорттук гана байланыш бар жана анын чыгымы кымбат. Ошондуктан, биздин өлкө Корея Республикасынан инвестиция тартууга жана Кыргызстандын рыногунда иш алып барууңуздарга көбүрөөк кызыкдар",- деди.