"Азаттык" радиосунун Казакстандагы бюросунун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу журналисттери Нур-Султан шаарынан түз эфирге чыгышты.
Бүгүн, 4-январга карата аталган шаарда да топтолгондор бар. Ал тургай 100дөй киши топтолгон жайда музыка коюлуп жатат. Видеодо айтылгандай, топтолгондор такси, жүк ташуу кызматындагылар. Акцияга катышкандардын бири: "Бардык нерсе кымбаттап кетти го" деди берилген суроолорго.
Журналист тартип сакчысына кайрылып, "Бүгүн нааразычылык акциясына чыккандарды кармап кетип жатышат. Нур-Султанда андай болбойбу?" деген суроону берип жооп ала алган жок.
Видеодо нааразычылык акциясына чыккандардын бир тобу эмне үчүн митингге келгенин айтып беришти. Көпчүлүгү салыктын кымбаттыгы, айып пулдардын көлөмү, азык-түлүктүн баасынын жогорулашы, буга кошумча газдын кымбатташы аларды чогулууга түрткөнүн айтышты.
Белгилей кетсек, Казакстандын Жанаозен шаарынын тургундары жаратылыш газга болгон бааны төмөндөтүү талабы менен массалык түрдө митингге чыгышкан. Коңшу өлкөнүн басылмалары аталган аймакта 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлгөнүн жазышкан.
Кийинчерээк президент Касым Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен өкмөт комиссия түзүп, бааны жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырарын убадалаганын казак басылмалары жазышкан. Ал эми Мангистау облусундагы май куюучу жайлардын ээлери бизнестин социалдык жоопкерчилигинин алкагында газдын литрин 120дан 85-90 теңгеге чейин арзандатуу боюнча демилгелүү чечим кабыл алышканы белгиленген.