Коңшу Казакстанда 1-январдан бери газдын кымбатташына каршы митинг уланууда. Алгач Жанаозенден башталган митингге бүгүн, 4-январга карата республиканын бир катар аймактарынын тургундары да кошулду.
Азыркы тапта Алматы шаарынын жашоочулары нааразычылык акциясына чыгышты. Андан топтолгон элдин кыйкырып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, Казакстанда жыл нааразычылык акциясы менен башталды. Тактап айтканда, 1-январдан тартып аталган өлкөдө газдын баасы 120 теңгеге чыккан. Буга нааразы болуп 2-январда Жанаозен шаарынын жашоочулары митингге чыгышкан. Ошондон бери митингчилерге өлкөнүн башка шаарларынын жашоочулары да кошулуп, нааразычылык акциясы уланууда. Кененирээк бул шилтемеден окусаңыз болот.