Касым Жомарт Токаев газдын кымбатташы боюнча нааразы болуп митингге чыккан тараптарга кайрылуу жасаганын жергиликтүү бир катар маалымат булактары жазышты. Маалыматка ылайык, Казакстандын мамлекет башчысы нааразычылык акциясына чыккандарды бузуку күчтөрдүн жетеги менен кетпөөгө чакырды.
Өз билдирүүсүндө Токаев Мангустаудагы туруктуулукту сактоо үчүн өкмөт газдын баасын бир литрине 50 теңге (10 сомго жакын) кылып төмөндөтүү чечимин кабыл алганын айткан.
"Нааразычылык акциясына чыккандарды биздин коомдун бүтүндүгүн жана туруктуулугун бузууну көздөгөн тараптардын жетегине түшпөөгө чакырам. Социалдык-экономикалык мүнөздөгү башка талаптар өзүнчө, эртең борбор калаада өтө турган жыйында каралат", - деп жазган Токаев социалдык тармактагы баракчасына.