Казакстанда газдын бир литринин баасы 120 теңгеге чыгып, элдин нааразычылыгын жаратты. Мындан улам 2022-жылдын 1-январында айрым облустун тургундары акцияга чыгышып, кийинчерээк алардын катары толуктала баштады. Алсак, бүгүн, 4-январдын кечине карата Казакстандын бир катар шаарларынын жашоочулары митингчилердин катарына кошулууда.
Казак басылмалары тараткан видеолорго, билдирүүлөргө ылайык учурда Астана, Алматы, Актөбе жана Актау аймактарынын жашоочулары массалык түрдө митингге чыгышты. Нааразы болгондор "чал кет!" деп кыйкырышууда.
Митингчилер муну менен гана тим болбостон, унаа жолдорду тосуп, акимиатты басып алуу аракеттерин көрүшүүдө.
Ал арада казак президенти Касым Жомарт-Токаев митингчилерге кайрылып, элдин бүтүндүгүн бузууну көздөгөндөрдүн жетегение түшпөөгө чакырды.
Эске салсак, Казакстанда жыл нааразычылык акциясы менен башталды. Тактап айтканда, 1-январдан тартып аталган өлкөдө газдын баасы 120 теңгеге чыккан. Буга нааразы болуп 2-январда Жанаозен шаарынын жашоочулары митингге чыгышкан. Ошондон бери митингчилерге өлкөнүн башка шаарларынын жашоочулары да кошулуп, нааразычылык акциясы уланууда. Кененирээк бул шилтемеден окусаңыз болот.