Бүгүн, 4-январда Казакстандын бир катар шаарларында митинг өтүүдө. Казак басылмалары тараткан видеолорго, билдирүүлөргө ылайык учурда Астана, Алматы, Актөбе жана Актау аймактарынын жашоочулары массалык түрдө митингге чыгышты. Нааразы болгондор талаптарын гана айтып тим болбостон жолдорду тосуп, айрым имараттарды басып алуу аракеттерин көрүшүүдө.
Учурда митингчилер боз үйлөрдү тигип жатышат.
Эске салсак, Казакстанда жыл нааразычылык акциясы менен башталды. Тактап айтканда, 1-январдан тартып аталган өлкөдө газдын баасы 120 теңгеге чыккан. Буга нааразы болуп 2-январда Жанаозен шаарынын жашоочулары митингге чыгышкан. Ошондон бери митингчилерге өлкөнүн башка шаарларынын жашоочулары да кошулуп, нааразычылык акциясы уланууда. Кененирээк бул шилтемеден окусаңыз болот.
Ал арада казак президенти Касым Жомарт-Токаев митингчилерге кайрылып, элдин бүтүндүгүн бузууну көздөгөндөрдүн жетегение түшпөөгө чакырды.