"Назарбаев Путинге же Кытайга кетет". Казакстандык оппозиционер күч структураларын элге кошулууга чакырды (видео)

Казакстандагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасады. Анда ал күч структураларын эл тарапка өтүүгө чакырды.

"Билесиңерби, Назарбаев жеке учагы менен Путинге же Кытайга кетет, а силер ушул жерде каласыңар. Ал учакта силерге орун жок. Ал эми элге каршы кылмыш жасагандар жазага тартылат. Силер - элдин бир бөлүгүсүңөр. Азыртадан туура чечим чыгаргыла", - деди Аблязов.

Ушул тапта Казакстандын көптөгөн аймактарында жана шаарларында бийликке нааразы болгондор топтолуп, өкмөттүн, президенттин отставкасын талап кылышууда. Ал эми бардык жерде полиция кызматкерлери элди таратуу аракетин көрүп жатат.

Казакстандагы оппозиционер күч структураларын эл тарапка өтүүгө чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ibro80
2022-01-05 00:15:35
Видео окубай балээ болду го
+2
Baha.Kyrgyzstan
2022-01-05 11:11:32
ibro80,Бизде да канча күн болду окубай ээми түңүлүп ачпайле калдык суперчилер карап койсоңор боло
0
Salixa.
2022-01-05 00:20:52
Сен кет !Мен кыйратам деп келгендер деле ошо көрүнүштү жасашат!Дүйнөлүк рынок көтөрүлуп кымбаттап жатса !(алар эмне жасай алышмак )тили ширин ораторлор элдин назик жерин таап кооз сүйлөп кыйын боло беришет.Өз орду жылуу уячаларын тапкандан кийин жанакы эл тосмонун арт тарабында калат.Болгону биздин өлкөгө окшоп артка кетип башташат.Өздөн чыккан жат жаман дегендей өзүбуздүн түбүбүзгө өзүбүз жетмей болдук,сырттан келген душманга орун жетпей эле.Акча үчүн элин жерин саткандар ар бир өлкөдө бар ,т.ж
+9
Aidan_Ek
2022-01-05 08:46:39
Кантсе да тынчтык болсун дуйнодо
+1
didu
2022-01-05 13:15:49
Тынчтык болсунда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан