Казак бийлиги нааразы тараптардын талаптарын аткарды, бирок чогулгандар күч алууда

2-январь күнү Казакстандын Мангистау облусунун жашоочулары газдын баасы 120 теңгеге чыкканына нааразы болуп митингге чыгышкан. Аталган аймактын нааразычылыгы башка шаар, аймактын жашоочулары тарабынан колдоо таап, митингге чыккандардын саны өстү. Анда митингчилер газдын баасын арзандатуу жана митингде кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.

Буга чейин Касым Жомарт Токаев кайрылуу жасап, Мангистауда газдын баасы 50 теңгеге түшкөнүн маалымдаган. Эми мындай баа Актөбөдө да болорун казакстандык басылмалар жазышты. Анткен менен нааразы болгон калк Казакстандын бардык аймагын каптады. Түн экенине карабай бир топ шаар, аймактарда митингчилер топтолуп турат.

Алматы.Саат 23:30 га карата абал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Datka7777
2022-01-05 00:22:25
Казактар уйунорго тарагыла, революция кылган менен хужа болот! Уч революция кылып биз жыргаган жокпуз
+3
Asmat84
2022-01-05 00:29:26
Бир видео көрөйүн десең эле рекламаңар зайбал кылды
+10
himik
2022-01-05 00:53:48
Булардын бийлиги кетсин, тажиктерди колдоп туруп алды орустар менен...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан