Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кайрадан казак калкына кайрылды. Анда ал митингге чыккандарды чагымчылдардын чакырыгына алдырбоого чакырды.
"Урматтуу мекендештер, ойлонуп көрүп чагымчылдарга алдырбаңыздар. Кызматтык, аскердик мекемелерди басып кирүүгө чакырык жасоо - бул мыйзамсыз иш, кылмыш. Бул үчүн жаза каралган. Бийлик кулабайт. Бизге чыр керек эмес. Эки тараптуу ишеним жана түшүнүшүү зарыл. Жаштарга кайрылат элем, сиздер тараптан мыйзамдуу түрдө айтылган талаптар кунт коюу менен эске алынат. Тиешелүү чечимдер кабыл алынат, эртең жыйын өткөрүлөт", - деди Токаев.