Казакстанда президенттик администрациянын имаратын күч кызматкерлери курчоого алышты


Казакстандагы митинг күч алып аскер кызматкерлери Алматы шаарындагы президенттик администрациянын имаратын жана Алматы шаардык мэриясын курчап, коргоого алышты.

Казак басылмаларында айтылгандай, Алматыдагы республикалык аянтка, президенттик администрацияга күч органдарынын жоон тобу келишти. Алар демонстранттардын имаратты басып алуу аракетине жол бербөө максатында көздөн жаш агызуучу, атайын жардыруучу заттарды колдонушууда. Учурда митингчилер менен тартип сакчыларынын ортосунда кагылышуу орун алууда.

Абал курчуганына байланыштуу Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кайрадан кайрылуу жасап, митингге чыккандарды чагымчылдардын чакырыгына алдырбоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан