Газдын баасын арзандатууга макул болгон казак бийлиги жеңилдиктерге карабай, Казакстанда нааразычылык акциялары токтой элек. Аймактарда жана калкы миллиондон ашык шаарлар козголоң чыгарууда.
Актауда демонстранттар облустук администрациянын имаратын басып алууга аракет кылууда. Өлкөнүн борбору Нур-Султанда демонстранттар көздөн жаш агызуучу газ менен таркатылды.
Алматыда демонстранттар полиция унааларын өрттөштү. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарууга аракет кылууда. Полиция жардыргычтарды жана көздөн жаш агызуучу газды колдонуп жатканы болжолдонууда.
Митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышкан. Мындан улам президент Касым Жомарт-Токаев өкмөттү отставкага кетирди. Мындан тышкары Касым Жомарт-Токаев Алматы шаарына коменданттык саат киргизди.