Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Токаев премьер-министр Аскар Мамин отставкага кетүү боюнча арыз жазганын билдирди. Аны мамлекет башчысы кабыл алды. Конституцияга ылайык, премьер-министрдин отставкасы бүтүндөй өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотууну билдирет. Өкмөт мүчөлөрү анын жаңы курамы түзүлгөнгө чейин ишин улантышат. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Алихан Смаилов дайындалды.
"Аскар Узакпаевич кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Мен бул өтүнүчтү аткардым. Аскар Узакпаевич үч жылга жакын убакыттан бери биздин өкмөттү намыс менен башкарды. Иш учурунда, өзгөчө пандемияда ал өзүнүн жогорку жоопкерчилигин, эмгекчилдигин көрсөттү. Ошондуктан мурдагы премьер-министрге ыраазычылыгымды билдиргим келет", - деди ал.