Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча кеңешме өткөрүп, анда нааразычылык кырдаалга жол берген жооптууларды атады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Касым-Жомарт Токаев газдын кымбатташына байланыштуу нааразычылык кырдаалга өкмөт, атап айтканда Энергетика министрлиги, ошондой эле "Казмунайгаз" жана "Казакгаз" компаниялары күнөөлүү экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин Алматы жана Мангистау облусунда абал акырындап оңолгондугун белгиледи.