Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыгы боюнча жыйында газга, күйүүчү майга жана азык-түлүккө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну тапшырды. Азык-түлүктөрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү, коммуналдык тарифтерди көтөрүүгө 180 күнгө мораторий киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.
Митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышкан. Мындан улам президент Касым Жомарт-Токаев өкмөттү отставкага кетирди. Мындан тышкары Касым Жомарт-Токаев Алматы шаарына коменданттык саат киргизди.