Түнү бою кагылышуу болгон Алматыдагы аянтта абал кандай? (сүрөттөр)

Бүгүн, 5-январь саат 10:00гө карата Алматы шаарындагы "Республика" аянтында эл жок. Мындай маалыматты жергиликтүү Tengrinews басылмасы жазып, андагы сүрөттөрдү жарыялады.

Маалыматта жазылгандай, учурда шаардык акимиатты күч органдарынын кызматкерлери коргоп турушат. Андан алыс эмес жерде полициянын өрттөнгөн унаалары жатат. 5-январдын түнүндө Касым-Жомарт Токаев Алматы шаары менен Мангистау облусуна 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген болчу. Буга байланыштуу өзгөчө маанидеги мамлекеттик мекемелер күчөтүлгөн коргоого алынган.

"Шаар ичинде адамдардын жүрүүсүнө, транспорттордун жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилип, документтер текшерилүүдө. Алматыга кирүү жана шаардан чыгууга тыюу салынган. Мындан сырткары ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, жарандардын топтолуусуна болбойт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан