"Бааны негизсиз көтөргөн". Казакстандын Жанаозен шаарынын газды кайра иштетүүчү заводунун жетекчиси кармалды

Казакстандын Жанаозен шаарынын газды кайра иштетүүчү заводунун жетекчиси жана күйүүчү майдын электрондук соода-сатык тармагынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, заводдун жетекчиси бааны негизсиз көтөргөн.

"Учурда каржы агенттиги сотко чейинки өндүрүш ишин баштады", - деп жазылат маалыматта.

Учурда шаардык акимиатты күч органдарынын кызматкерлери коргоп турушат. 5-январдын түнүндө Касым-Жомарт Токаев Алматы шаары менен Мангистау облусуна 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген болчу. Буга байланыштуу өзгөчө маанидеги мамлекеттик мекемелер күчөтүлгөн коргоого алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан