Ошто телеканалдарга абайлап иштөө сунушталды

19-ноябрда Ош шаарындагы Монополияга каршы күрөшүү агенттиги жыйын өткөрдү. Жыйынга жергиликтүү телеканалдардын жетекчилери, жарнак илинүүчү тактайлардын ээлери жана жарнак берүүчүлөр катышты. Жыйындын жүрүшүндө этникалык мүнөздөгү жарнактарды жарыялоодон алыс болуу керектигин аталган агенттиктин кызматкерлери белгилеп өтүштү. Ошондой эле жыйында жарнак илүүчү тактайдагы жарнактардын мазмуну, теле жана радио аркылуу берилип жаткан жарнактар жөнүндө талкуулар жүрдү.  

Ал эми агенттиктин башчысы Арзыбек Жунусов маалымдагандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эч кандай уруксаты жок элдик медицинага байланышкан дарылардын жарнактары телеканалдар аркылуу көбүрөөк берилип жатат. Мындан сырткары коомдук тамактануучу жайлардагы баалардын өсүп жаткандыгы боюнча студенттерден көп даттануулар түшүп жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан