Алмазбек Атамбаев Корея Республикасына үчүнчү ирет келип отурганын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-ноябрда Сеул шаарында өтүп жаткан Кыргыз-Корей инвестициялык форумуна катышты. Анда сөз алган мамлекет башчы: "Мен Кореяга 3-ирет келип отурам. Алгачкы жолу 1997-жылы Кыргызстандын биринчи президенти менен. Ал коррупциялык иштердин айынан өлкөдөн качып кеткен. Кийин мындан 6 жыл мурун, дал ушул күндөрү Кыргызстандын экинчи президентинин тушунда премьер-министр катары келген болчумун. Ал президент да биринчиси сыяктуу тагдыр менен өлкөдөн качып кетти. Кыргыз менен корей элин түпкү мекен Алтай гана бириктирбейт, эки калкка көтөрүлүшчүлөрдүн деми мүнөздүү, адилдетсиздикке чыдамы жок. Сиздерде эки президент соттолгон, бизде эки президент качкан",- деп эки улуттун окшоштук жактарына токтолуп өттү.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан