Тарыхтагы эң бай мушкер аталды

Америкалык мушкер Флойд Мейвезер тарыхтагы эң бай мушкер деп аталды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, беш салмак категориясы боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер 479 миллион еврону түзгөн байлыгы менен 1-орунду алган.
Экинчи орунду дүйнөнүн мурдагы талашсыз оор салмактагы чемпиону Жорж Форман ээлеген. Анын байлыгы дээрлик 266 миллионго бааланган.
Тарыхтагы эң бай үчүнчү мушкерди сегиз салмак категориясы боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Мэнни Пакьяо жапты. Ал 195 миллион евро киреше тапкан.
Ал эми украиналык мушкер Владимир Кличко эң бай мушкерлердин ондугуна кирген. Анын кирешеси 70 миллион еврону түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан