Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашевдин редакциялоосу менен “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” нормативдик укуктук актылар топтому жарык көрдү. Муну аталган мекемеден билдиришти.
2013-жылдын ноябрь айында жарык көргөн топтом 4 бөлүктөн туруп, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагы боюнча нормативдик укуктук документтер жыйындысын, КРдагы муниципалдык кызматта иштөө боюнча аналитикалык материалдарды камтыйт. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгегин баалоодогу системди реформалоо боюнча документтерге толуктоолор киргизилген.
Кириш сөзүндө А.Карашев: “Бул топтом биринчи кезекте жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерине керек, анткени аларда президенттин буйругу, өкмөттүн токтомдору жана башка расмий документтерге бачым жетүү мүмкүнчүлүгү жок. Андан тышкары бардык мамлекеттик башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн зарыл”,- деп белгиледи.