Казакстандагы башаламандык. Күч кызматкерлери барымтага алынып, мамлекеттик имараттар күйүп жатат

Алматы шаардык мэриясынын имараты


Казакстанда Жаңы жылда башталган нааразычылык акциясы курчуп, бүгүн, 5-январга карата өлкөдөгү башаламандыкка, кагылышууга алып келди.

Учурга карата республиканын чоң шаарларында митингге чыккандар телеканалдардын имараттарын басып алып, зыянга учуратышууда. Бул туурасында казак басылмаларында айтылат. Андагы билдирүүгө ылайык, "Мир24", "КТК" (Назарбаевдин каналы) телеканалдардын имараттарын митингчилер басып алышты.

Андан тышкары демонстранттар аскер кызматкерлерин, тартип сакчыларын кармап, алардын курал-жарактарын тартып алышууда. Дагы бир видеодон байкагандай, митингчилер тартип сакчысын кармап, аны формасын чечүүгө мажбурлашууда.

Ошондой эле республика боюнча интернет байланышы өчүрүлгөнү, Алматыдагы президенттик администрациянын имараты күйүп, ок атылып жатканы айтылды. Андан тышкары митингчилердин кол салуусунан кийин Алматы шаардык мэриясынын имаратынын бардык кабатында өрт чыкканы кабарланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан