Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев “Евробиримдик-Борбор Азия” жолугушуусуна катышат

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баш болгон кыргыз делегациясы эртең, 20-ноябрда Брюсселде өтө турган тышкы иштер министрлерлеринин “Евробиримдик-Борбор Азия” аталыштагы 7-жолугушуусуна катышат. Бул жолугушууда экономика, билим берүү, экология, коопсуздук жана демократия тууралуу пикир алмашуулар болуп, Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жолдору каралат.  

Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышмакчы. Эскерте кетсек, 6-ирет өткөн “Евробиримдик-Борбор Азия” жолугушуусу 2012-жылы Бишкекте өткөн.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан