Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Назарбаев отставкага кетти. Анын милдетин Токаев аткарат


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 5-январда элине дагы кайрылуу жасады. Анда ал кандай гана кырдаал болбосун өлкөдө каларын белгиледи.

"Кандай гана кырдаал болбосун борбордо калам. Бүгүндөн тарта Коопсуздук кеңештин төрагасы катуу чараларды көрүүгө мажбур", - деди ал.

Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаевдин милдетин аткаруу кызматына киришкенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык дагы деле уланып, бир катар имараттарды басып алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан