Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Назарбаева жана анын жолдошу Тимур Кулибаев отурган учак Кыргыз өлкөсүнө учуп кеткени айтылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып, учактын багытын көрсөткөн сүрөттү жарыялашты.
Кийинчерээк учактын багыты өзгөргөнү, ал Бишкекке эмес, Балхашка бара жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык дагы деле уланып, бир катар имараттарды басып алышты.