Коңшу Казакстанда 4-январда күч алган массалык башаламандык дагы деле уланып, кагылышуу токтой элек. Республиканын чоң шаарларында митингчилер бир катар имараттарды басып алуу менен гана тим болбостон, тартип сакчыларын кармашып, курал-жарактарын тартып алышууда.
Актау шаарында көтөрүлүшчүлөр полиция бөлүмүнүн имаратын басып алышып, укук коргоочулар митингчилердин тарабына кошулду. Бул тууралуу видеону казак басылмалары жарыялашты.
Белгилей кетсек, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык дагы деле уланып, бир катар имараттарды басып алды.