Казакстандын Алматы шаарындагы башкы аэропортту митингчилер басып алышты. Бул тууралуу маалыматты эл аралык аэропорттон тастыкташканы кабарланды.
"Алар аэропортко чейин жетишти. Учурда 45ке чукул баскынчы жүрөт. Митингчилер бастырып кирер замат кызматкерлер аэропорттун имаратынан чыгып кетишти. Басып алуу учурунда жүргүнчүлөр, терминалдар да жок болчу. Биз жүргүнчүлөрдү алдын ала 11 дарбаза аркылуу эвакуация кылганбыз. Дал ошол учурда учак келип калган болчу. Аскер кызматкерлери дагы аэропорттун имаратынан чыгып кетишти. Бирок алар кайда кеткенин билбейбиз. Биз өз күчүбүз менен жүргүнчүлөрдү алып чыктык", - деп айтылат аэропорттун билдирүүсүндө.
Ошого карабастан Минсктен Алматыга учактар каттай турганы айтылды.
Белгилей кетсек, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык дагы деле уланып, бир катар имараттарды басып алышты.