Лапландия – бир нече өлкөлөрдү камтыган маданий аймак. Кышы өзгөчө кооз. Кар калың жаагандыктан бугу же ит чегерилген чанада саякаттап, коньки менен лыжаны моокумуңуз кангыча тээп, ысык саунадан чыгып муздак кар күрткүсүнө секирип эс алсаңыз болот. Жомоктогудай кооз Лапландия Санта Клаус менен эльфтердин мекени. Эгер сиз жаңы жылдык жомоктун бир бөлүгү болууну кыялдансаңыз, бул аймак сизге чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Лапландия тууралуу кызыктуу макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №996 санынан окуй аласыз.