Буга чейин Казакстандын Талдыкорган облусунда Нурсултан Назарбаевдин айкелин митингчилер кулатуу аракетин көрүп жатышканы кабарланган. Бир нече сааттан кийин кулатылган айкелдин сүрөттөрү жарыяланды.
Андан темир айкелдин бөлүктөргө бөлүнүп калганын көрүүгө болот.
Толкундоолор дагы деле уланууда. Учурда кеч киргенине карабай митингге чыккандар имараттарды басып алышып, өрт коюшуп, тартип сакчыларына каршылык көрсөтүүдө.
Түн киргенине карабай башаламандык уланууда. Анда митингчилер имараттарды басып алуу аракеттерин жасашууда.