6-январга караган түн. Казакстанда абал көзөмөлдөн чыгып кетти. Касым-Жоомарт Токаев буга чейин Коопсуздук Кеңешинин төрагасы да болорун жарыялаган болчу. Көп өтпөй Жаматтык коопсуздук келишим уюмунан жардам сурап кайрылды. Анда ал бул аша чапкандык экенин белгилеп, атайын уюштурулуп жаткан, болгондо да көптөгөн даярдыктардан кийинки иш деп сыпаттады. Ошондой эле ал митингчилер шаарларды талкалап, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин сабап, кыйнагандан тышкары курал сакталган жайлардан бери басып алышты деп белгиледи.
Учурда бир катар телеграм-каналдарда Казакстандын Алматы шаарындагы ири соода түйүнүндө мародёрчулук болду деген видео тарады. Анда уюлдук телефондордун кутулары жерде чачылып жатканы, текчелердеги айнектер талкаланып жатканы көрүнөт. Ага катар эле митингчилер банкка кирип тоноп жатышат деген да видео тарады.
Дагы бир видеого митингге чыккандар Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын куралдары сакталган кампага кирип барышты деп жазылган. Жергиликтүү активисттер казак жарандарын талап-тоноочулукка барбоого чакырып, бул үчүн кылмышкер 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экендигин эскертишүүдө.