Бишкек шаардык кеңеши 2 жаңы депутат менен толукталды

Бишкек шаардык кеңешинин 19-ноябрдагы жыйынында жаңы бекитилген 2 депутатка кызматтык күбөлүктөрү менен төш белгилери тапшырылды. Алар: Бакыт Шарыпов ("Ата Мекен") жана Бурулуш Усупова (КСДП).  

Бакыт Шарыпов 1966-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетинин химия факультетин аяктаган.  

Бурулуш Усупова 1957-жылы Нарындын Ат-Башы районунда туулган. Атайын орто кесиптин ээси (Соода техникуму).  

Айта кетсек, буга чейин аталган депутаттардын ордунда иштеп келген Камалдин Токтосартов ("Ата Мекен") менен Ырысбек Мааткабылов (КСДП) Бишкектин Октябрь жана Ленин райондорунун акимдери болуп дайындалышты. К.Токтосартов Октябрь районунун акими болуп дайындалганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан