Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында Пашинян социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Айтымында, учурда Казакстандагы кырдаал боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен консультацияларды баштаганын билдирди.
Митинг тууралуу кыскача:
Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.
Ал арада президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагылышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.
Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми тунгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.
Кийинчерээк Касым-Жомарт Токаев өлкөгө террордук чабуул болгонун, мындан улам Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылууну ылайык көргөнүн айтты.