Түндө Алматыда ири соода борборлору, банктар тонолду (видео)

Бүгүн, 6-январга караган түнү Алматы шаарында мародёрлор ири соода борборлорду, банктарды тоношту.

Маалыматка ылайык, "Мега Алма-Ата", "Эсентай", "Променад", ЦУМ аттуу ири соода борборлору тонолгон. Алардын айрымдарында дагы деле мародёрлор жүрөт.

Өз кезегинде Орусия Казакстанга аскерлерин жөнөткөнү жатат. BAZA басылмасынын маалыматына караганда, Оренбург облусундагы аэродромдо аскердик даярдыктар жүрүүдө. Алар жакын арада Казакстанга жөнөтүлөт.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Түндө Алматыда ири соода борборлору, банктар тонолду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bishkek-Kg
2022-01-06 09:23:36
Рф аралашса анда казахстан Сирияга окшоп талкаланат.
+6
Samina007
2022-01-06 09:28:34
Бул улуттар аралык согуш болбодуго. Неге РФ кийлигишет мындай ички жарандык төңкөрүшкө.орусия аралашса жакшылык алып келбейт акыры
+7
Samina007
2022-01-06 09:30:27
Бул деген өз элин кыргынга өлүмгө алып келди деп эсептелет орусияны өз өлкөсүнө алып кирсе
+4
Rusbayastan
2022-01-06 09:31:29
Бийлик иштен кетсе баары токтойт.
+3
Nurlan1982
2022-01-06 10:02:10
РФ аскерлери кирсе жакшы,болбосо казак туугандар,Казакстанды талкалап туготот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан