Алматы: Талкаланган аэропорттун видеосу жарыяланды

Социалдык тармактарда Алматы шаарындагы эл аралык аэропорттун талкаланган абалдагы видеосу жарыяланды.

Алматы аэропортуна кол салуу кечээ, 5-январда болгон. Аэропортту аскер кызматкерлери кайтарып турган. Бирок алар дагы качып кетүүгө аргасыз болушкан. Натыйжада жүргүнчүлөр шашылыш эвакуацияланган. Аэропорттогу бардык каттамдар токтотулду.

Аэропорттун кире беришинде бир нече имараттар, унаалар өрттөнгөн.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Алматыдагы аэропорт талкаланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakubek
2022-01-06 10:06:49
Казактар кыргыздардан өткөн жапайы го
+9
nuraiym_kenzhebaeva
2022-01-07 05:04:24
Sakubek, азабын да биз кошо тартабыз эми...
Баары кымбаттайт турбайбы. Деги эртерээк токтосо экен -_-
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан