Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Шаардык мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин ишин канааттандырарлык эмес деди. Ал шаардык кеңештин 19-ноябрдагы жыйынында: “Аялдамага автоунаалар тизилип тургандыктан, аялдамага келип токтоо абдан ыңгайсыз. Ошондон улам баш аламандык жаралууда. Кырдаал күндөн-күнгө курчуп жатат. МАИнин иштегени көрүнбөйт”,- деп баса белгиледи.