Бүгүн, 6-январда Алматы шаарындагы президенттик резиденциянын жанында атышуу кайрадан күч алды. Атышуудагы видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, топтолгон адамдар жашынып, атышуу жүрүп жатат. Учурда Алматынын борборунда атышуу уланууда. Шаарды коюу туман каптаганына байланыштуу журналисттер менен адамдарды аскер кызматкерлери 100 метрдей чет жакка жылдырышкан.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.