Быйыл жол кырсыгы 2012-жылга салыштырмалуу 64 пайызга өстү

Бишкек шаары боюнча 2013-жылдын 1-январынан 17-ноябрына чейин 2472 жол кырсыгы катталып, 90 адам каза болду. 3042 адам ар кандай жаракаттарды алган. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин берген маалыматына караганда, катталган жол кырсыктардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 64,6 пайызга өстү. Ал эми балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 2012-жылга салыштырмалуу 59,6 пайызга өскөн. Бишкекте эле 2013-жылдын 12-ноябрынан 17-ноябрына чейин 71 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болсо, 87 адам жабыр тарткан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан