Атышуу болуп жаткан Алматы шаарынын борбордук аянтын аскер кызматкерлери таштап кетишти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазды.
"Бардык аскер кызматкерлери атышуу болуп жаткан аянтты таштап кетишти", - деп жазылат маалыматта.
Учурда аянтта топ-топ болуп турган адамдар желектерди желбиретип турушат.
Буга чейин Алматынын борборунда катуу атышуу жүрүп жаткандыгы кабарланган.
Шаарды коюу туман каптаганына байланыштуу журналисттер менен адамдарды аскер кызматкерлери 100 метрдей чет жакка жылдырышкан.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.