Коңшу Казакстандын Алматы шаарынын борборундагы аскердик операциянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, аскер кызматкерлери согуштук техникаларды колдонуп, автоматтан ок чыгарып жатканын көрүүгө болот.
Өз кезегинде Казакстандын ички иштер департаменти атайын операциянын натыйжасында ондогон адам жок кылынгандыгын билдирди. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат. Бишкек убактысы боюнча саат 12:15те Полиция департаментинин жанында атышуу жүрүүдө.
Учурда аянтта топ-топ болуп турган адамдар желектерди желбиретип турушат.
Буга чейин Алматынын борборунда катуу атышуу жүрүп жаткандыгы кабарланган.
Шаарды коюу туман каптаганына байланыштуу журналисттер менен адамдарды аскер кызматкерлери 100 метрдей чет жакка жылдырышкан.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.