2013-жылы айыл чарба техникасын жаңылоо 15 пайызга жетти. Бул тууралуу 19-ноябрдагы басма сөз жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Механизация жана энергетикалык камсыздоо департаментинин директору Нурлан Кожогулов билдирди.
“Быйыл өкмөт тарабынан көңүл бурулуп, техниканы лизингге берүү жолу ишке ашты. Анын натыйжасында дыйкан чарбаларына 1004 даана техника лизингге берилген”,- деди Нурлан Кожогулов.
Маалыматка караганда, 1990-жылдан бери айыл чарба техникасын жаңылоо көрсөткүчү болгону 12 пайызга жетип келген.