Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти "биз үчүн Кыргызстан Борбор Азиянын ичинен башкы өлкө" деп айтканын билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-ноябрь күнү Кыргыз-Корей инвестициялык форумуна катышып жатып, Корея Республикасынын Президенти менен болгон түшкү тамактануусу тууралуу айтып берди. "Пак Кын Хэ айым "Корея Республикасы үчүн Кыргызстан Борбор Азиянын ичинен эң башкысы болуп саналат" деп айтты. Бул аймактагы өлкөлөргө салыштырмалуу биздин мамлекет кичинекей. Инвестициялар да аз келет. Бирок Кыргызстан - Борбор Азиянын ачкычы. Анын келечеги кең болот",- деди Атамбаев. Андан ары Алмазбек мырза форумдун катышуучуларын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. "Пак Кын Хэ айымга Бишкекте крандан эле суу ичүүгө болорун айтсам, ал Кыргызстанда гана ушундай керемет бар болушу мүмкүн деди. Биздин мамлекеттин эң кооз жаратылышы бар. Түпкү мекен делген Алтай менен окшош жайлары да көп",- деп айтты Алмазбек Атамбаев. 

Сапардын алкагында коштоп жүрүүчүлөрдүн айтымында, Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хэ президент болуп келгенден бери Борбор Азия өлкө лидерлеринин ичинен биринчи болуп Кыргызстандын мамлекет башчысын чакырган. Атүгүл президент Алмазбек Атамбаев жайгашкан мейманкананын жолуна сапар алдында бир түндө кайрадан асфальт төшөткөнүн, муну менен конокко карата сый мамилесин көрсөткүсү келгенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан