Казакстандагы баш аламандыктын кесепетинен 1000ден ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу "Хабар 24" басылмасы өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен жазып чыкты.
Ага ылайык, 400 адам ооруканага жаткырылса, 62 адам жандандыруу бөлүмүндө.
Митинг тууралуу кыскача:
Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, баш аламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.