Москвада чет өлкөдөгү кыргызстандык студенттердин маселелери талкууланды

Москвада Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинде “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү менен кыргызстандык студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу 19-ноябрда аталган ассоциациянын басма сөз кызматы билдирди. 
Жолугушууга Орусия Федерациясындагы ЖОЖ жана колледждерде билим алып жаткан студенттер катышты. Тегерек столдо Кыргызстандан келген студенттердин көйгөйлөрү, суроо-талап көп болгон кесиптер жана Орусиядагы миграция процесси тууралуу маселелер каралды. 
Мындан сырткары “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү кыргызстандык жаштардын жана чет өлкөдө жүргөн мекендештердин эл аралык  кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн концепция тууралуу айтып беришти. 
Студенттер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан акысыз билим алууга бөлүнгөн гранттар тууралуу маселе жаралганын айтып, Кыргызстанга жогорку квалификациядагы кадрларды тартуу керектигин кошумчалашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан